Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
2022-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин мектеп-гимназиясына бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. МГга бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2022-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин жүргүзүлөт.
«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.
«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен баласын биринчи класска киргизүү керек.
«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар
«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:
- Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
- Баланын жынысы;
- Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
- Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси
Урматтуу ата-энелер, айылда жашаган мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тизмесин тактоо максатында, балаңыз тууралуу маалыматты үй комитетинин башчысына берүүңүздөрдү суранабыз.
Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында жашагандыгы документтик түрдө аныкталат.
1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).