Мектептин тарыхы

З.Мамбетсеитова атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин тарыхы:

 

Биздин айыл болжолдуу 1890-жылдары уюштурулган ага чейин чон

Сары-Булак жана Кичи Сары-Булак деп элдин оозунда айтылып келген экен.

Келгин орустар калктары көчүп келе баштагандан башталып, Луговое айылы деп аталып келген экен.Ал эми ортодо айыл эли Улуу Октябрь революциясын башынан өткөрүп, абдан жакшы женилдиктерди алып келген.

Ак падышанын колониялык жылдарында кыргыз элинде олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн жергиликтүү элдин арасында орус-тузем мектептери ачылган жана кыргыз элине маданиятына  жашоо турмушуна жаны көрүнүштөр киргизилген.

Ошол мезгилдерде биздин айылыбызда коллективизация жылдары башталып айылыбызда үч колхоз уюштурулган. Бири Талапкер, Красный октябрь жана партизан деп аталган. Жаны түзүлгөн өкмөт билим жагын да четке калтырган эмес ошол убакытта жергиликтүү кыргыз эли болжол менен үч пайыз гана сабаттуу болгон деп айтылып келген.1931-1935-жылдары айылда эки мектеп уюшулган орус,кыргыз 1-4 класстар үчүн.Орус мектебинде Броников жана кыргыз мектебинде Сатыбалды Атантаев мектеп директору болуп иштешкен.

1936-жылдарда жети жылдык мектеби болуп уюшулган.

Улуу Ата Мекендик согуш башталып ошол кыйынчылык убакытта мектеп элге билим берип турган.Согуштан кийин эки  мектеп кошулуп  тогуз жылдык болуп уюшулуп, ага Максим Горькийдин ысымы берилген.Ага Борончу Бакашов директор болгон, бир аз убакыттан кийин он жылдык мектеп статусун алган.

                         Алгачкы директорлор:

Ибраев Апыш Ибраевич

Броников Н.В.

Калпаков С.Н.

Атантаев Сатыбалды Атантаевич

Зина Мамбетсеитова

Бакашов Борончу Бакашович

Каргалдаев Токон Каргалдаевич

Аралбаев Калык Аралбаевич

Акимканов  А.А

Асанов Турат Асанович

Кыдыралиев Жаныбай Кыдыралиевич

Асанбеков Керез Асанбекович

Намазова Гүлжамал Исабековна

Айсеинова Шакен Айсеиновна 1986-1988 жж

Батырканов Абдыкерим Абдылдаевич 1988-1993жж

Бактаев Жолдошбек Борбодоевич 1993-1995жж

Тониев Жаныбек Болотканович 1995-2009 жж

Бегалиев Токторбек Орозакунович .2009-2018 жж

1990-жылдары кайра куруу жылдары башталып,кыргыз элинде бул жылдары «демократиянын жылдары» деп келебиз.1992-жылы мектептин аты өзгөрүлүп ага айылыбыздын чыгаан кыздарынын бири –Зина Мамбетсеитованын ысымы берилген.2016-жылы заманбап мектептин имараты курулуп,ишке берилди.Учурда мектепте 41 мугалим эмгектенет жана 491 окуучу  эки тайпада билим тарбия алып келүүдө.

Мектепте пенсия курагында 6 мугалим эмгектенет.

Билим берүү мыктылары-6 мектептин басымдуу бөлүгү жаш мугалимдерден турат.

Учурда  Жаналиев  Алмаз Жакыпович мектеп директору  болуп  эмгектенет.