КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫ РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯЛОО КОНЦЕПЦИЯСЫ

№ 1- Тиркеме:

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигини

2021-жылдын  12-апрелинде

№ 441- буйругу менен бектилди

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫ РУХАНИЙ-АДЕПАХЛАКТЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯЛОО КОНЦЕПЦИЯСЫ

Бишкек-2021

МАЗМУНУ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР…………………………………………………………………………………..

 

3
1-БӨЛҮМ: ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫ РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮКТҮРҮҮ………………………………………………………………………………………………..

1.1.  Түйүндүү түшүнүктөр……………………………………………………………………..

1.2.  Улуттук тарбиянын идеалы жана анын негизги баалуулуктары……….

1.3.  Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн максаты, милдеттери жана мазмуну…………………………………………………………………………………………..

1.4.  Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негизги багыттары…………..

1.5.  Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү курактык баскычтары боюнча долбоорлоо……………………………………………………………………………………..

1.6.  Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн методологиялык негиздери….

1.7.  Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү уюштуруунун негизги принциптери…………………………………………………………………………………..

 

 

3

3

5

 

7

9

 

13

17

 

18

2-БӨЛҮМ: ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫН ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ………………………..

 

2.1.  Түйүндүү түшүнүктөр …………………………………………………………………….

2.2.  Дене тарбиянын максаты жана негизги баалуулуктары……………………

2.3.  Жетектөөчү идея, дене тарбиянын адамзаттык жана улуттук баалулуктарга негизделиши жана багыттары…………………………………..

2.4.  Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруунун негиздери………….

2.5.  Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруу принциптери…………..

 

21

 

21

22

 

24

26

27

ЖЫЙЫНТЫКТОО ……………………………………………………………………………………..

 

28

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Кыргыз Республикасында инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу концепцясы (мындан ары Концепция) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Физкультура жана спорт жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын  жетекчиликке алуу менен иштелип чыкты.

Концепция билим берүү уюмдарынын инсанды социалдаштыруу ишмердиги менен алек болуучу башка субъектилери менен кызматташуусун камсыз кылуучу негизги нормативдик-баалуулук катары колдонууга сунушталат. Мындай ишмердүүлүктүн негизги максаты – инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылууда жетиштүү деңгээлдеги бирдиктүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

Концепция:

  • улуттук, адамзаттык, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарга, жогорку моралдык ченемдерге жана сергек жашоо образына таянган улуттук тарбиялык идеалды мүнөздөйт;
  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу максатын, милдеттерин жана базалык баалуулуктарынын системасын аныктайт;
  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуучу негизги социалдык-педагогикалык шарттарды жана жетекчиликке алынуучу принциптерди тактайт;
  • билим берүү уюмдарына инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбиясы боюнча коомдук заказды максаттуу, натыйжалуу жүзѳгѳ ашыруу багытындагы илимий педагогикалык талаптарды тариздейт;
  • инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн жана дене тарбиясынын милдеттерин жүзѳгѳ ашыруудагы үй-бүлө, коомчулук жана билим берүү уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка коомдук түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин аныктайт.

 

 

1-БӨЛҮМ: ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫ РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮКТҮРҮҮ

 

  • Түйүндүү түшүнүктѳр

 

Адептүүлүк — адамдын адамча жашоо өрнөгү, бири-бирине адамча мамиле кылуу адебине негизделген адамдардын ортосундагы мамиле.

Адеп тарбиясы – коомдук идеалдарды, анын өрнөктүү нормалары менен принциптерин терең өздөштүрүүнүн жана аны жүзөгө ашырууга жигердүү катышуунун негизинде туруктуу моралдык сапаттарды, адептик-ыймандык керектөөлөрдү, бекем ынаным-түшүнүктөрдү жана изги сезимдерди, туруктуу көндүмгө жана билгичтикке айланган жүрүм-турум адебин калыптандыруу максатын аркалаган социалдык институттар менен инсандардын ишмердиги.

Атуул — бир эле мезгилде жаран түшүнүгүн чагылдыруу менен кайсы бир мамлекеттин атуулу (гражданини) дегенди билдирет.

Атуулдук коом  — коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес структураларды камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы

Мекенчилдик — Ата-Мекенди сүйүү, анын тарыхы жана азыркы мезгили менен сыймыктануу, ɵзүнүн жеке кызыкчылыктарын ɵлкɵнүн кызыкчылыктарына багындырууга даяр болуу.

 Маданий көп түрдүүлүк – ар кайсы улуттардын менталдык деңгээлдеги маданий өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын, жүрүм-турум ж.б. белгилерди, эрежелерди чагылдырган түшүнүк.

Улуттук тарбиянын негизги баалуулуктары — бул белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүн негизинде  пайда болуп, элдин эл, улуттун улут, мамлекеттин мамлекет катарында сакталып, башка элдер менен ымала катышта туруктуу өнүгүп, өркүндөшү үчүн коом мүчөлөрүн руханий-адептик жактан өнүктүрүү, тарбиялоонун пайдубалын, багытын аныктоого кызмат кылып келген баалуулуктардын,  идеялардын, ишенимдердин системасы.

Улуттук тарбиянын идеалы  — кыргыз коомунун руханий эс тутумуна, улуттук нарктарына ээ жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктарын аздектеген Кыргызстандын  эгемен, укуктук, демократиялык мамлекет катары ѳнүгүшү үчүн ѳзүнүн атуулдук милдеттерин, жоопкерчиликтерин аңдаган жана татыктуу аткара алган, дени сак, жаӊы ааламдашуу доорунун шарттарына шайкеш компетенттүүлүктөргө, өнөргө, кесипке ээ, коммуникативдүү, демилгелүү, жаратман активдүү адамдын образы.

Улуттук иденттүүлүк – инсандын өзүн тигил же бул этноско айкалыштыруу, таандык кылуу сезими, ошондой эле ошол этноско мүнөздүү тилге, маданиятка, тарыхка, географиялык аймакка, мамлекеттүүлүккө байланыштуу түшүнүктөрүнүн, эмоциялык мамилелеринин тутуму.

Социалдаштыруу – инсандын  социалдык нормаларды, эрежелерди, этикетти ж.б.  өздөштүрүү аркылуу коомдо өз ордун табуусу.

Нарк насил – нарк – баалуулук дегенди билдирет, ал эми насил – тек дегенди чагылдыруу менен инсандын руханий теги  дегенди билдирет.

Өзүн-өзү тарбиялоо — бул инсан тарабынан өздүк өнүгүүсүн аң-сезимдүүлүк менен башкаруусу, мында субъективдүү кызыкчылыктарга ылайык процессте инсандын ар кандай сапаттары жана жөндөмдүүлүктөрү өсүп-өнүгөт жана калыптанат.

Педагогикалык көмөк — балдарга физикалык жана психикалык ден-соолук, социалдык жана экономиалык абал, окуу процессиндеги ийгиликтерге жетишүүгө, мектеп эрежелерди кабыл алууда, инсан аралык байланыштарда иштиктүү жана натыйжалуу болууда, турмуштук, кесиптик жана адеп-ахлактык жолду тандоодо жана жекече проблемаларды чечүүдөгү алдын-ала жана оперативдүү жардам.

 

Руханият  – ар кандай доорлордо кайсы бир элди рухтук жактан ички ишеним, аң-сезим деңгээлинде бириктирип турган эң бийик баалуулук жана символ, руханий баалуулулуктардын жыйындысы.

Тарбиялоо — бул адамдын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн, инсанды коомдо кабыл алынган социалдык маданий жана руханий адептик баалуулуктардын алкагында өзүн-өзү аныктоосу, социалдашуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган ишмердүүлүк.

Тарбиялоо процесси – бул тарбиячылар жана балдар ортосундагы балдарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө, өзүн-өзү тарбиялоо жана өзүн-өзү таанытууга үйрөтүүгө багытталган максатуу биргелешкен иш-аракет.

 Тарбиялоо системасы – бул  тарбиянын ар кандай компоненттери (максат, субьекттер жана алардын иш-аракеттери, баарлашуу, карым-катнаштар, материалдык шарттар ж.б.) ортосундагы карым-катнаштардын натыйжасын чагылдырып турган,  жамааттык жалпылыкты жана психологиялык ыңгайлуулукту  камтыган, интегративдүү мүнөздөмөлөргө ээ болгон бүтүн социалдык организм.

Тарбиялык иш – бул чоң адамдар жана балдар ортосундагы балдарды ар тараптан өнүккөн инсан катары калыптандыруу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана таанытуу максатында уюштурулган, биргелешен иш-аракеттер.

Тарбиянын сапатын текшерүү – мезгил-мезгили менен тарбия процессинин уюштурулушун, анын натыйжалуулугун жана сапатын аныктоонун ыкмалары.

Толерантттуулук (көтөрүмдүүлүк жана сабырдуулук)  — башка көз караштарга, башкача ойлоого,  адеп-ахлакка, көнүмүштөргө карата көтөрүмдүү жана сабырдуу болуу дегенди билдирет.

Элдик педагогика — элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеялардын жана тарбиялык тажрыйбалардын тутуму.

        1.2. Улуттук тарбиянын идеалы жана анын негизги баалуулуктары

Тарбиялоо системасынын баштапкы элементи жана анын максаты. Ошондуктан,  улуттук  тарбиялоонун идеалын, максатын айкындоо, концепциянын эң башкы компоненти катары каралат. Ѳнүгүүнүн уланмалуулук мыйзамы улуттук тарбия идеалын  ѳткѳн чак, учур чак, келечектин контекстинде кароону шарттайт.

Кыргыз коому ѳзүнүн узак тарыхында ар бир доордун саясий идеологиялык  дѳѳлѳттѳрүнѳ шайкеш руханий-адептик асыл нарктарга негизделген тарбия моделин  тутунуп  келишкен.

Узак кылымдарды ичине алган кѳчмѳн жашоо шартында элдин парасаты, сыны, калктын кызыкчылыгы, руханий тажрыйбасы баарын таразалап, тазалап, иргеп жүрүп отурган.  Анын негизинде, элдүүлүк, кең пейилдик, меймандостук, баатырдык, антка, шертке бекемдик, мекенге берилгендик сыяктуу ж.б. руханий баалуулуктар менен адептик нормалар, жеке адам  жана улут наркынын чен ѳлчѳмү катары калыптанган. “Манас” эпосу кыргыз элинин руханий дѳѳлѳттѳрүн иретке салып муундан муунга ташыган социалдаштыруунун тажрыйбада тастыкталган программасы катары кызмат кылган.

Кыргыздардын салттык педагогикалык маданиятындагы инсан идеалдары Совет бийлигинин саясий идеологиялык кыртышында толук баалуу ѳнүгѳ алган жок.  Советтик педагогика илиминде инсан, социумдун рамкасында «коммунизмдин куруучусу», «социалисттик личность», «советтик адам» деген түшүнүктөрдүн чегинде гана чечмеленип, анын  этномаданий параметрлери кѳмүскѳдѳ кала берген. Ошону менен бирдикте, жазуу маданияты менен расмий билим берүү, маалымат сактоо, таркатуунун жаңы каналдарынын ишке кириши элди “жаңы маданияты”, “турмуш агымы” менен аймак-аймак боюнча салттык формада жашап келген руханий-адептик кенч казыналардын, дене тарбиясына таандык каражаттардын  таркалуу, үйрѳнүү масштабын олуттуу кеңейтип, жалпы улуттун энчисине айландырды.

Совет доорундагы тѳгѳрѳгү тѳп, мекенине берилген, ал үчүн жанын курмандыкка чалуудан кайра тартпаган эр жүрѳк, мекенчил инсандар идеалы ортого чыгып, турмуш чындыгына айланганы тарыхый окуялар аркылуу тастыкталган.

Эгемендүүлүк доорунда коомдогу руханий–адептик тарбиянын практикасы олуттуу карама-каршылыктарды баштан кечирүүдѳ. Бир тараптан  таалим-тарбия ишинин мазмунун, элдин тарыхый эс тутуму менен ѳткѳн доорлордун социалдык практикасында калыптанган асыл нарктарга негиздѳѳ аракети жанданса, экинчи тарапта таптакыр башка кыртышта тамыр алган массалык маданияттын терс таасирине каршы күрѳшүү олуттуу сыноо катары ортого чыкты.

Ошентип, бүгүн кыргыз коомунун улуттук тарбиялоо идеалын аныктоодо кыргыз адамынын кылымдап түптѳлгѳн менталдык руханий-адептик баалуулуктарын жаш муундардын байманасына айландырып,  доордон доорго уланышы үчүн  кам кѳрүүбүз зарыл. «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт» (академик Г.Н. Волков). Экинчиден, бүгүнкү  цивилизациянын чакырыктары  кыргыз коомун   ааламдашуу алкагындагы жаңы социалдык-маданиятка трансформацияланышын шарттап, ѳзүнүн менталдык баалуулуктарын белгилүү ѳлчѳмдѳ жаңы ченемдер менен карап ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратат. Ошондуктан, азыркы кыргыз коомунун улуттук тарбия идеалынын базалык баалуулуктары нукура улуттук нарктар менен азыркы доордун адамына коюлган  талаптардын  синтезинен туруусу шарт.

Улуттук тарбиянын негизги баалуулуктары – бул белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүн негизинде  пайда болуп, элдин эл, улуттун улут, мамлекеттин мамлекет катарында сакталып, башка элдер менен ымала катышта туруктуу өнүгүп, өркүндөшү үчүн коом мүчөлөрүн руханий-адептик жактан өнүктүрүү, тарбиялоонун пайдубалын, багытын аныктоого кызмат кылып келген баалуулуктардын,  идеялардын, ишенимдердин системасы.

Кыргыз коомуна, мамлекетине таандык жалпы адамзаттык  универсалдык асыл нарктарга таянуу менен улуттук тарбиянын негизги (базалык) баалуулуктарынын булагы катары тѳмѳнкүлѳрдү эсептѳѳгѳ болот:  эл, Ата-Мекен, туулган жер,  эне тил, мамлекеттик тил, расмий тил, чет тил,  ата-бабалар наркы, мекенчилдик,  атуулдук милдет, социалдык тилектештик, адамзат, илим-билим, үй-бүлө,  эмгек жана чыгармачылык,  салттык диндер, искусство жана адабият, табият, мамлекеттик символдор  ж.б.

Улуттук тарбиянын негизги (базалык) баалуулуктары  үй-бүлѳдѳ, билим берүү мекемелеринин тарбиялоо жана жаш муундардын ѳзүн-ѳзү тарбиялоо практикасында жетекчиликке алынып багыт берип турат.

Улуттук тарбиянын идеалында ошол баалуулуктар адамдын түшүнүктѳрү, кѳз карашы,  дүйнѳ таанымы, ойлоо багыты, ишенген нарк нускалары, пейил ниети, кулк-мүнѳзү, жүрүм- турумунун өзгөчө мазмуну таризинде долбоорлонот. Демек, улуттук тарбиянын идеалы — идеалдуу ѳрнѳк адамдын образы. Ал образ кечээки күнгѳ, бүгүнкү турмуш чындыгына шайкеш болушу зарыл. Мындай обьективдүү өбөлгөлөр  улуттук тарбиянын идеалын  — кыргыз коомунун руханий эс тутумуна, улуттук нарктарына эгедер жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктарын аздектеген Кыргызстандын  эгемен, укуктук, демократиялык мамлекет катары ѳнүгүшү үчүн ѳзүнүн атуулдук милдеттерин, жоопкерчиликтерин аңдаган жана татыктуу аткара алган, дени сак, жаӊы ааламдашуу доорунун шарттарына шайкеш компетенттүүлүктөргө, өнөргө, кесипке ээ, коммуникативдүү, демилгелүү, жаратман активдүү адам тиби катары айкындоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындай адам идеалын бир эле мезгилде Кыргыз мамлекетинин түрдүү этностук топторунун бирдиктүү жарандык маданиятынын модели катары кабылдоого болот. 

Кыргызстан жаранын руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун программалык иш чараларынын максат, милдеттерин айкындоодо улуттук тарбиянын баалуулуктары негиз катары алынышы керек.

  • Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн максаты, милдеттери жана мазмуну

Окуучу жаштарды руханий-адептик жактан өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун максаты жана милдеттери  улуттук тарбия идеалынын контекстинде социалдаштыруунун  негизги субъектери болгон, үй-бүлө, мектеп, салттуу диний жана коомдук уюмдардын милдети катары таризделет жана ишке ашырылат.

Руханий — адептик жактан тарбиялоонун максаты  –  жан дүйнөсү өз элинин түптүү руханий   асыл нарктарына сугарылган,  коомдук  мамилелердеги ак менен караны даана ажырата билген, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, эл-журт жана мамлекет алдындагы атуулдук парзын абийирдүүлүк менен аткара алган, коомдук активдүүлүгү, атуулдук позициясы айкын, көп маданияттуу чөйрөдө мунаса күтүп жашай билген, көтөрүмдүү, толеранттуу , адал эмгек, ак мээнет менен жашоого умтулган, ар намысы бийик, эмгекчил, чынчыл, элчил, ѳзүнүн жана башкалардын саламаттыгын сактоого, ѳнүктүрүүгѳ ыкластуу мекенчил инсандарды калыптандыруунун шарттарын аныктоо.

Бул максат өз ара тутумдаш төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу аркылуу жүзөгө ашат:

  • улуттук жана жалпы адамзаттык маданиятка таандык руханий адептик түшүнүктөрдү калыптандыруу;
  • адептик ишеним, ынанымдарды калыптандыруу;
  • адептик сезимдерди өнүктүрүү, тарбиялоо;
  • жүрүм-турумда жекече жана коомдук нарк-насилге төп келген көндүм адаттарды жана билгичтиктерди калыптандыруу

Руханий-адептик түшүнүктѳрдү калыптандыруу. Түпкүлүгүндѳ,   адептүүлүк — бул адамдардын жүрүм-туруму аркылуу чындыкка айланган  аракеттеги билим. Адеп, ыйман — адамдын адамча жашоо мыйзамы, адам болуу билими катары тигил же бул коомдо түптөлгөн мыйзамда каралган да, каралбаган да  тартип эреже-талаптар менен нормалардын, баалуулуктардын чегин айкындоочу түшүнүктѳр системасы. Адептик нормалар дүйнѳ элдеринин социалдык тааным тажрыйбаларынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ ылайык айрымдарында илимий трактаттар, айрымдарында санат насыяттар таризинде   ѳзгѳчѳ билим салаасы катары калыптанган. Кыргыздарда адамдын адептик билимдери «ак» менен «караны», «жакшы» менен «жаманды», «адал» менен «арамды» айырмалап таанып, «кѳзү ачылуу», «кѳѳдѳнү агаруу» сыпаты катары мүнѳздѳлгѳн. Ар бир улуттун руханий адептик билим түшүнүктѳрүндѳ жалпылыктар менен бирге, ѳзгѳчѳлүктѳр да бар.  Жүрүм-турум тууралуу Европалыктардын түшүнүктѳрү, Африканын же Чыгыш элдеринин түшүнүктөрүнөн айырмалуу. Бирок, азыркы адамдардын жашоо мейкиндигиндеги чектердин азайып, алака-катыштар күчѳп бара жаткан шартта, адамдар алдында  ѳзүнүн адептик түшүнүктѳрүн маданияттар аралык контекстте аңдоо зарылчылыгын жаратат.

Руханийадептик ынаным, ишенимдерди калыптандыруу.  Адептик нормаларды окуп, билип, түшүнүп алган адам, ѳзүнүн жүрүм-турумуна саресеп салып кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кудурети жетет. Бирок, адептик түшүнүктѳр канчалык кенен жана терең болбосун, анын адептик жүрүм-турумунун нукура күзгүсү боло албайт. Маселе, адамдын ал эреже нормаларды ѳзүнѳ кымбат зат катары ичтен ынанып, кабылдап, жүрүм-турумунда чын ыкластан жетекчиликке алууга умтулуусунда жатат. Адам тигил же бул адамдык сапаттардын нукуралыгы тууралуу он толгонуп ойлонуп, эмоционалдык түйшѳлүүнү баштан кечирип, ѳзүнүн акыйкатын, ѳзүнүн мамилесин айкындоого аракет кылат. Мындай тазалануу, чын ыкластуу өсүү багытындагы изденүүсү, абийирди ойготкон аналитикалык рационалдуу ой түйшүгүнүн натыйжасында, адам белгилүү руханий дүйнѳгѳ, ишеним ынанымдарга ээ болот. Дал ушул ишеним ынанымдар гана, жүрүм-турумдун реалдуу жүйѳѳсү боло алат.

Туруктуу руханийадептик сезимталдыкты калыптандыруу. Руханий — адептик сезимталдык — адам баласына гана таандык, ѳтѳ жогорку сезимдердин катарына кирет. Руханий — адептик сезимталдык — ѳзүнүн жана башкалардын жорук-жосунуна ичтен толгонуп, бушайман болуп уялганынан же кубаттап сыймыктанганынан кѳрүнѳт. Сезимтал адамдар мамлекеттин, карапайым элдердин, кырсыкка туш болгон адамдардын абалына жан-жаныбарлардын абалына кайдыгер карабайт, жапакеч мамилеси менен айрымаланат. Андайлар напсини теске салып тазалоого аракет кылат, кѳрө албастыктан алыс болуп, кең пейилдигин кѳрсѳтѳт, инсандык беделин намыскѳйлүк менен бекем сактайт, жосунсуз жоругу үчүн уялып, ѳзүн ѳзү айыптайт. Жан дүйнѳсү жарды, сезими сенек, кайдыгер адам бирѳѳнүн жыргаганына же кыйналганына да ныпым түйшѳлбѳйт.  Демек, балдардын жапакечтик, күйүмдүүлүк, намыстуулук, уяттуулук, назары токтук сыяктуу ж.б. сезимдердин туруктуулугуна жетишүү — тарбиялоо ишиндеги маанилүү милдеттердин бири.

Адептик жүрүмтурумду калыптандыруу. Руханий — адептик жактан тарбиялоонун натыйжасы катары,  инсандын  ѳзүнүн жүрүм-турумунун жалпы кабыл алынган моралдык сапаттарга, нормаларга, эрежелерге дал келиши менен ѳзүнүн жана айланасындагы адамдардын жүрүм-турумун баалоо жѳндѳмүнүн калыптанышы катары кароого болот. Демек, адамдын руханий адептик маданиятын  адептик түшүнүктѳрдүн, ишенимдердин гана суммасы эмес. Турмушта «билип сезип» турса да напсисин, эркин башкара албай чекилик иш жасаган адамдар арбын. Ошону менен бирдикте жүрүм-турум этикетин сактагандардын баарын эле руханий адептик жактан жетилген адам катары кароого да болбойт. Айрымдар берешендик, жоомарттыгын, меймандостугун “Кожо кѳрсүн, Эл уксун” –деген принциптин негизинде жасашат.  Руханий адептик жетилгендик бул ниет менен жүрүм-турумдун гармониясы. Руханият же  адептүүлүк, ыймандуулук —  күн түн бою  адамдардын жүрүм-турумун тескеп  жаман жоруктан сактап туруучу матрица. Адамдын денесин ысык сууктан кийим коргоп тургандай руханият адам насилин ыплас нерселердин таасиринен коргоп турат. Адамдын руханий-адептик жактан тарбиялангандыгы –эл арасында да эч ким көрбөгөн жерде да өзүнүн жорук жосунун  бирдей тутуусунан,  туура ойлоо, ойлогонуңдай сүйлөө, сүйлөгөнүңдөй жашоосунан көрүнөт.

 

1.4. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн негизги багыттары

 

Педагогикалык процесстин алкагында, окуучу жаштарды руханий — адептик жактан тарбиялоо иштерин конкреттүү долбоорлоо зарылдыгы, аны баалуулуктар ѳңүтүнѳн, багыт багытка ажыратып бѳлүп, айкындап чыгууну шарттайт. Руханий — адептик жактан тарбиялоонун багыттары адамдын инсандык сапаттарынын калыптанышына негиз болгон мамилелердин мазмунунан көз каранды болот. Адамдын инсандык сапаттарын төмөнкүдөй баалуулуктарга карата мамилелеринин мазмуну түзөт:

  • Эл журтка мамиле (жеке кызыкчылыктан элдин мүдѳѳсүн жогору коюу, эгоизмден алыс болуу);
  • Ата Мекен, туулган жерге мамиле (ата мекен – адамдын киндик каны тамган жер);
  • Эне тилге мамиле (эне тилде эркин сүйлѳѳ, жазуунун ѳрнѳгү) мамлекеттик тил, расмий тил, чет тилге мамиле
  • Ата-бабалар наркына мамиле (кылымдар бою кыргыздардын жашоо турмушун жѳнгѳ салып келген каада-салт, жөрөлгөлѳр, руханий акыл кенчтердин алып жүрүүчүсү болуу, маңкурттуктан алыс болуу);
  • Ата Мекенге, мамлекеттин саясатына, башка элдерге карата мамилеси (атуулдук, мекенчилдик, башка улуттар жана мамлекеттерди сыйлоо);
  • Эмгектенүүгө карата мамиле (мээнеткечтик, өзүнүн жана жалпы элдин мүдөөсү үчүн ак эмгек кылуу);
  • Жаратылышка карата мамиле ( экологиялык маданият);
  • Илимбилимге мамиле (илим-билимдин баалуулугу, чындыкты таанууга умтулуу, дүйнөнүн илимий картинасы);
  • Өзүнѳ жана башка адамдарга карата мамиле (коллективизм, акыйкаттык, калыстык, жѳнѳкѳйлүк, жолдоштук, намыс, бедел күтүү);
  • Кооздук асылдыктар жана идеалдарына карата мамиле (эстетикалык тарбия);
  • Үй-бүлөгѳ мамиле (сүйүү жана ишенимдүүлүк, ден-соолук, бакубат жашоо, ата-энени урматтоо, улуу жана кичүүлөргө кам көрүү, тукум улоо үчүн кам көрүү);
  • Салттык диндерге мамиле (диндер аралык диалогдун негизинде калыптанган ишеним, руханият, адамдын диний жашоосу, толеранттуулук);
  • Адамзатка мамиле (дүйнө жүзү, маданияттардын жана элдердин ар түрдүүлүгү, адамзаттын прогресси, эл аралык кызматташтык) толеранттуулук — көтөрүмдүүлүк башка көз караштарга, бакшача ойлоого, башка маданий өзгөчөлүктөргө, адеп-ахлакка, көнүмүштөргө ж.б. карата көтөрүмдүү жана сабырдуу болуу;
  • Денсоолукка мамиле (ѳмүрдү, сак саламат жашоону баалоо, сергек жашоого умтулуу).

Баалуулуктар түркүмү жана алардын айырмалуу багыттары тарбиялоонун мазмунун тѳмѳнкүдѳй жик-жикке бѳлүп кароону шарттайт.

Атуулдукка, мекенчилдикке, адамдын укуктары менен эркиндигин, милдеттерин сыйлоого тарбиялоо: 

  • Өзүн Ата Мекендин алдында “парз”, атуулдук милдет түшүнүгүнүн чегинде аңдап, баалай билүү жана алардын мекенчилдик салттарын азыркы шартта улантуу, өнүктүрүүнүн саясий-социалдык маанисин түшүнүү;
  • Ата-бабалары тарабынан түптөлгөн эне тилинин, руханий — маданий нарктарын, адат салттарынын алып жүрүүчүсү жана жаӊы шарттарга ылайык өнүктүрүүчүсү катары парзын жогорку даражадагы жоопкерчилик менен аткаруу;
  • Ата Журтунун, элдин тарыхый эрдиктери, замандаштарынын каарман ишмердиги менен сыймыктануу, коомдо жана мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөр үчүн тарыхый жоопкерчиликти туюу;
  • Кыргыз мамлекетинин улуттук символдору (туу, герб, гимн) менен сыймыктануу жана аларды ыйык тутуу;
  • Кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүүсү, мекендештеринин бейпил жыргал турмушу үчүн коомдогу терс, ыплас көрүнүштөргө (коррупция, трайбализм, талап-тоноочулук, баңгичилик, аракечтик, кайдыгерлик, өзүмчүлдүк, келишпестик ж.б.) каршы күрөшүүдөгү активдүүлүк; жеке менчикке карата адеп-ахлактык мамиле кылуу, өз менчигин жана мамлекеттин менчигин көздүн карегиндей сактоо, башкалардын менчигине кол тийгизбөө;
  • Өзүн Кыргызстандын көп этностуу жамааттарынын кылымдап калыптанып келген, ынтымак ымалада жашоо салттарын улантуучу, өнүктүрүүчүлөрүнүн бири катары тарбиялоо;
  • “Этноцентризм” илдеттеринен четте болуу, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк, башка улуттун өкүлдөрү менен мунасада жашай билүү, ар кандай кырдаалда өзүнүн эмоционалдык абалын башкара билүү ж.б.

 

Адептик сезимдерди жана аӊсезимди тарбиялоо:

  • «Ак» жана «кара» деген сөздөр “жакшылык” менен “жамандык”, “нарк”, «салт”, “жорук-жосун”, “адат”, “жол-жобо”, «жѳн билгилик» сыяктуу адептик түшүнүктөрдү руханият, элдик адеп өӊүтүнөн ачыктай билүү;
  • Адеп нарктуулуктун, жакшы таалим-тарбия алгандыктын көрсөткүчү катары, ата-эненин кадырына жетүү, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүү;
  • “Эл менен сен адамсыӊ, элден чыксаӊ жамансыӊ” — деген социалдык этикалык эреже салттын маанисин тереӊ аӊдоо, эл менен эл болуп,   элдин мүдөөсү менен жашоого умтулуу;
  • Демейки турмуш-тиричиликте, коомдук жайларда бардык нерсенин жолун, жөнүнө жараша сылыктыктын, ак пейилдиктин, кеӊ пейилдиктин, көтөрүмдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, калыстыктын, чынчылдыктын, убада шертке бекемдиктин үлгүсүн көрсөтүү;
  • Ата-бабаларынын руханий мурастарын, адептик салт эрежелерин өздөштүрүп, жашоо турмушунун эрежесине айландыруу жана аларды өзүнөн кийинки муундарга өткөрүп берүүгө ынтызарлык;
  • Кыргыздардын улут жана мамлекет катары, бакубат өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келген «жарма патриотизм», жердешчилик, куру намысчылдык, кайдыгерлик, камырабастык, ышкоолук, жалкоолук, оӊой оокатка умтулуу, ысырапкорчулук, жемкорлук сыяктуу илдеттердин маанисин түшүнүү жана андан арылууга умтулуу;
  • Компьютердик оюндардын, телекөрсөтүү жана жарнамалардын, адамдын моралдык — психологиялык абалына тийгизе турган негативдүү таасирлерин түшүнүү жана аларды тандап, иргеп колдонуу зарылдыгын түшүнүү;

Эмгектенүү коомдук жана инсандык баалуулук катары мамилесин калыптандыруу:

  • Эмгек — адамды адамдын дене боюнун туура өсүшүн, ден-соолугунун бекем болуусунун, акыл тажрыйбаларын ѳнүктүрүүнүн эң байыртан адамзатты коштоп келген эң күчтүү каражат экендигин аңдоо;
  • Өзүнөн улуу муундар тарабынан жаралган материалдык баалуулуктарды сыйлоо, сарамжал мамиле кылуу;
  • Жамаат менен бирге ынтымак ымалада эмгектенүү, анын ичинде окуу жана эмгек долбоорлорун биргеликте аткаруу тажрыйбасына ээ болуу;
  • Окуу жана эмгекке байланыштуу тапшырмаларды аткарууда тартиптүүлүктү, ийкемдүүлүктү кѳрсѳтүү;
  • Эмгек, өзгөчө өндүрүштүк, жаратмандык ишмердүүлүк экенин аңдоо жана колу менен адамдарга пайдалуу бир нерсе жаратууга умтулуу, кѳнүгүү;
  • үй жумуштарын жана коомдогу жумуштарды аткаруу кѳндүмүнѳ ээ болуу;
  • Туура кесип тандап, турмушта өз жолун аныктап алууга умтулуу;
  • Жумуштагы жана окуудагы жалкоолукка жана шалаакылыкка терс мамиледе болуу.

Ден-соолукка жана сергек жашоо образына башкы баалуулук катары мамиле кылууга тарбиялоо:

  • Өзүнүн, ата-энелеринин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, курдаштарынын ден-соолугуна аяр мамиле кылуу;
  • Дене-бой, руханий, социалдык-психологиялык (үйдѳ, мектепте) саламатчылыктын өз ара таасирин жана биримдигин түшүнүү;
  • Адамдын адептик маданиятынын, өзүнүн жана айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын саламатчылыгынын таасирин түшүнүү;
  • Сак-саламат, сергек болуп, айлана-чөйрө  үчүн  жагымдуу руханий — адептик таасир  калтырууга умтулуусун өстүрүү;
  • Денени чыӊдоонун, адамдын тайманбастык, чечкиндүүлүк, тартиптүүлүк, жамаатчылдык, жоопкерчилик сыяктуу адептик сапаттардын өнүгүшүнө таасирин билүү;
  • Санитардык-гигиеналык эрежелерди билүү жана аткаруу, ден-соолукту сактоо режими менен жашоого көнүктүрүү;
  • Жаратылыш чөйрөсүндө сейилдөөгө жана кыймылдуу оюндарга, спорттук мелдештерге катышуу кѳндүмүн өнүктүрүү;
  • Компьютердик оюндардын, телекөрсөтүү жана жарнамалардын адамдын ден-соолугу үчүн терс таасирин түшүнүү жана аларды орду менен колдонуу тажрыйбасына ээ болуу;
  • Өздүк гигиена менен санитардык талаптарды аткаруудан, денени чыӊдоочу иштерден качууну терс сапат катары кабылдоо.

 

Жаратылышка, курчап турган чөйрөгө гумандуу мамилесин калыптандыруу (экологиялык тарбия):

  • Жаш муундардын табияттын кереметтүүлүгү, ыйыктыгы, адам жашоосунун жаратылыштан көз карандылыгы жөнүндөгү ишенимдерин бекемдөө;
  • Табиятты эстетикалык-этикалык эң жогорку баалуулук катары кабылдоого үйрөтүү;
  • Өзүндөгү жаратылышка коркунуч туудуруучу эгоизмди басуу, жамаат менен жаратылыш ортосундагы өз ара мамилелерди гармониялаштыруу багытында активдүүлүгүн көрсөтүү;
  • Жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү кор тутпоо, аларга ырайымдуу мамиле кылууга байланышкан социалдык-этикалык талаптарды, жөрөлгө- салттарды аткарууга моралдык-психологиялык жана практикалык жактан даярдоо.

 

Кооздук асылдыктарды баалоого тарбиялоо, эстетикалык баалуулуктарды жана идеалдарды калыптандыруу (эстетикалык тарбия):

  • Адамдын жан-дүйнөсүнүн жана сырткы келбетинин сулуулугу тууралуу түшүнүктөргө ээ кылуу;
  • Айлана-чөйрөнү кооздук, асылдыктын мыйзам ченемдерине шайкеш кабыл алуу сезимин өнүктүрүү;
  • Искусство, маданият жана табияттагы асылдык тууралуу билим тажрыйбаларын өнүктүрүү;
  • Кооздукту жарата билүү жөндөм шыгын жана кооздуктун мыйзамы менен жашай билүү маданиятын калыптандыруу;
  • Сырткы келбетин тыкан тутууга умтулуу;
  • Жосунсуз жоруктарга жана шалаакылыкка карата терс мамиле.

Инсанды тарбиялоонун мазмуну  ишинде тармак-тармакка жиктелгени менен анын курамындагылар ич ара байланышта турат, бири бирине таянат, бири бирин шарттайт. Айырмалуу багыттарга ажыратуу тарбиялоо процессин конкреттүү,  план ченемдүү жүзѳгѳ ашыруунун амалы катары кызмат кылат.

 

 

1.5. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү курактык баскычтары                                              боюнча долбоорлоо

 

Долбоорлоо ар кандай жумуштун коюлган максаты, натыйжасы, ишке ашыруунун ирети тууралуу маалыматтар тутуму. Максатка багытталган иш-аракет катары, окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоонун натыйжалары курактык баскычтарга ылайык так аныкталганда, долбоорлонгондо гана, ырааттуу жүзөгө ашат. Ал эми, тарбиялоонун күтүлгөн натыйжаларын конкреттештирүү үчүн, программа зарыл. Программасыз  олуттуу ойлонуштурулган тарбиялоо ишинин болушу күмөн.

I этап – моделдештирүү. Педагогикалык тутумдарды, процесстерди же кырдаалдарды түзүү максаттарын жана аларга жетүүнүн негизги жолдорун иштеп чыгуу. Максат (идея), көз караш, ал тургай, ишеним болушу мүмкүн, ага ылайык педагогикалык тутумдар, процесстер же кырдаалдар дагы курулат, натыйжада мугалим өзүнүн максаттуу идеалын акыл-эс менен жаратат, б.а. окуучулар менен алардын иш-аракетинин модели. Мындай ойдун жаралышына мугалимдин / мугалимдин жеке тажрыйбасы, анын окуучуларды түшүнүүсү дагы таасир этет. Бул модель педагогикалык процессти болжолдоого мүмкүндүк берет.

II этап – долбоорлоо. Түзүлгөн моделди андан ары өркүндөтүү жана аны иш жүзүндө колдонуу деңгээлине жеткирүү.  Иш жүзүндө ушул этапта, түзүлгөн модель менен иш жүргүзүлөт, ал педагогикалык чындыкты өзгөртүү үчүн пайдалануу деңгээлине жеткирилет. Педагогикада модель негизинен ой жүгүртүүсүнөн түзүлгөн жана мамиле функциясын аткаргандыктан, долбоор билим берүү процессин жана айлана чөйрөнү өзгөртүү механизмине айланган учурга чейин жүрөт.

III этап – конструктирлөө. Түзүлгөн долбоорду андан ары деталдаштыруу, аны билим берүү мамилелеринин чыныгы катышуучулары тарабынан конкреттүү шарттарда колдонууга жакындоо. Дизайн долбоорду андан ары деталдаштырат, конкреттештирет жана аны иштин чыныгы шарттарына жакындатат. Окуу-тарбия иш-аракеттерин долбоорлоо буга чейин эле методикалык милдет болуп саналат. Тарбиялоонун программалары, тарбиянын максаты милдеттендирүү үчүн  балдардын ишмердүүлүгүнүн мазмунун аныктоо, айкындай багытталышы керек.

 

Тарбиялоо программасы – мугалим үчүн да, окуучу үчүн да жол картасы.

Программа, педагог тарбиячыга  балдардын инсандык сапаттарынын өнүгүшүнө багытталган иш-аракетинин чектерин конкреттүү айкындоого мүмкүнчүлүк берсе,  окуучуга өзүн-өзү өнүктүрүүнүн ориентири катары кызмат аткарат.

Программанын баскычтар боюнча түзүлүшү, руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн, ар бир курактагы мүнөздөмөлөрү менен көрсөткүчтөрүн конкреттештирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

1.5.1. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда руханий-адептик жактан тарбиялоонун негизги көрсөткүчтөрү.

  • Кенже топтордогу балдар, чоңдор, жакындары менен карым-катыш процессинде аларды эң жакын адамдары катары кабылдап, алардын айтканындай болууга, алар туура көрбөгөн адептик жоруктардан баш тартууга адат ала баштайт;
  • II кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) орто топтогу (4 жаштан 5 жашка чейин) балдар жомоктор, мультфильм жана оюндардын таасири менен “жакшы”, “жаман”, “кара мүртөз”, “ак көңүл”, “өзүмчүл”, “орой”, “сараң”, “боорукер”, “калыс”, “чынчыл”, “кайрымдуу”, “сылык”, “жоомарт” – деген адептик түшүнүктөрдү айырмалай башташат;
  • Бара-бара улууларга, жолдошторуна, табиятка мамиле кылууда, чоңдордун жүрүм-турумун туурап, кайталоодон аң-сезимдүү аткаруу көндүмдөрүн өздөштүрө башташат;
  • Улуу жана даярдоочу топтордо (5 жаштан 7 жашка чейин) сергек жашоо ыңгайынын гигиеналык көндүмдөрүн жана негиздерин, коопсуз жүрүм-турумдун ченемдери калыптана баштайт;
  • Мектепке чейинки курактагы балдарда окуу жана оюн процессинде өз-ара достук, топтук тилектештик, ынтымактуулук, өз-ара жардам, көмөк көрсөтүү сыяктуу сапаттар өнүгө баштайт, ошону менен бирдикте, жыныстык, ролдук маданиятка таандык айрым көндүмдөр, айталы, балдарда кыз балдарга камкор мамиле кылуу, орун бошотуу, орундугун жылдырып берүү, кезекте орун берүү ал эми кыз балдарда жөнөкөйлүк, сыпайылык сыяктуу сапаттар калыптана баштайт.

1.5.2.   Жалпы орто билим берүү уюмундагы руханий-адептик жактан тарбиялоонун негизги көрсөткүчтөрү.

            Башталгыч жалпы билим берүү баскычындагы окуучулар (1-4- класстар):

  • Адептик түшүнүктөр, көз-караштар, эрежелер тууралуу алгачкы маалыматтарды ѳздѳштүрүшѳт;
  • Руханий–адеп-ахлактык баалуулуктардын маанисин түшүнѳт жана курчап турган чѳйрѳгѳ жана адамдарга мамиле кылууда аларды жетекчиликке алууга аракет кылат;
  •  Руханий–адеп-ахлактык баалуулуктарга карата эмоционалдуу мамилеси туруктуу;
  • Классташтары, эже-агайлары, ата-энелери жана башкалар менен адептүү өз ара алака-мамиле түзө билүүнүн эреже-жоболорун, жолдорун жана ыкмаларын өздөштүрүп, аны колдонуу боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот;
  • Теңтуштарынын жана башкалардын жоруктарына баа бере алат;

Негизги орто мектептеги  (5-9-класс)  окуучулар: 

  • Руханий дүйнөсү кыйла байып, адептик нормаларды аткаруунун маанисин түшүнөт, ырааттуу билимге ээ болуп, өзүнүн, жакындарынын, теӊтуштарынын жүрүм-турумуна баа берүү,  жеке субъективдүү руханий-ишеним, ынанымдарын коргой билүү боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот;
  • Улуттук, диний, аймактык, гендерлик           жана башка өзгөчөлүктөргө карата адептик туура көз карашта болууга умтулат;
  • Өзүн-өзү тарбиялоо, өнүктүрүү боюнча идеалдары конкреттешет;
  • Улуттук, салттык турмуштун субъекти катары, элдик үрп-адат, салттардын маани маӊызын үйрөнүүгө жана анын тууган аралык жана жамаатык алака-катышы мамиледе колдонуу боюнча тажрыйбасы түптөлө баштайт;
  • Оокат-аш, кийим жана башка материалдык баалуулуктар мээнет, эмгек аркылуу келээрин түшүнүп, өзү да ага кол кабыш кыла баштайт, ата-эненин таянычына айлана баштайт;
  • Өмүрдүн, ден-соолуктун баркын түшүнө баштагандыктан, спортко активдүү катыша баштайт;
  • Улан-кыздарда үй-бүлөлүк турмуш тууралуу түшүнүктөр кеӊейип, өз ара мамиле түзө билүү, баарлашуу жана сезим маданияты аркылуу көрүнө баштайт;
  • Сабактан алган медико-гигиеналык сабаттуулугу аркылуу, сергек жашоо маданиятына аӊ-сезимдүү умтула баштаташат.

Ошону менен бирдикте, бул курактагы балдар түрдүү баалуулуктардын кучагында болгондуктан, интернеттин, жоро жолдошторунун, айрым учурда чоӊ адамдардын жашоо образынын таасири аркылуу жеӊил баалуулуктарга да азгырылып кетүү ыктымалдыгы бар. Бул курактагы балдарды туруктуу, баалуулуктарга багыттоо, ата-энелердин, педагогдордун, коомчулуктун эӊ жооптуу иши.

Толук орто мектептеги (10-11-класс) окуучулар:   

  • Руханий-адептик дөөлөттөрдүн компоненти катары, улуттук салттардын, адептик-ыймандык, саясий-идеологиялык жана башка ар түрдүү көз- караштардын жана көрүнүштөрдүн адептик маани-маңызын илимий өңүттө чечмелей билет, турмуштагы руханий-адептик көрүнүштөргө карата өзүнүн жеке баасын, көз карашын айкындап билдире алат;
  • Кыргыз элинин руханий — адептик баалуулуктарын жалпы адамзаттык  маданияттын үлгүлөрү менен салыштырып, аларга карата тандалма мамиле кылуу тажрыйбасы түптөлө баштайт;
  • Үй-бүлөсү, жакындары, теӊтуштарына, коомго жакшылык иш жасоо ыкласы, тажрыйбасы артат;
  • Үйдө, көчөдө, мектепте учурай калуучу пикир келишпестиктерге кайдыгер карабай, калыстык менен чечүүгө салымын кошот;
  • Өз саламаттыгын өзү чыӊдоо тажрыйбасына ээ болуу, сергек жашоо эрежелерин туруктуу тутунуу менен бирдикте башкалардын ден-соолугу үчүн реалдуу кам көрө алат;
  • Эмгекте, өнөрдө, адамдык мамилелерде асыл үлгүлөрдү жаратууга умтулат жана жүзөгө ашыра алат;
  • көп этностуу жамааттар арасында ымалада жашоого умтулат жана интолеранттулуктун (сабырсыздыктын) жана этнофобиянын (этноцентризмдин) илдеттеринен оолак боло алат;
  • жарандык, атуулдук укуктарын жана милдеттерин билет жана мамлекеттин жана коомдун жигердүү мүчѳсү катары бардык чѳйрѳдѳ социалдык активдүүлүгүн кѳрсѳтѳ алат.

Мектеп бүтүрүүчүсү – предметтик компетенттүүлүктөрдүн суммасы эмес. Ал коомдук активдүүлүккө, сынчыл ойломго ээ, үй-бүлө, коом, мамлекет, адамзат алдындагы жоопкерчилигин туйган,  башкалардын пикирине сый-ызаат мамиле кылып, конструктивдүү диалог кура алган, сергек жашоо образын тутунган, айткан сөзү менен кылган ишинин ажырымы жок, эл журтун сүйгөн, анын руханий — адептик  баалуулуктарына сугарылган, элине ак кызмат кылууга даяр, абийирдүү адам,  Кыргызстандын активдүү жараны болууга тийиш. Демек, ал атайын ойлонушутурлган максаттуу тарбиялоо ишинин продуктусу.

1.5.3. Орто атайын кесиптик жана жогорку билим берүү тутумундагы окуучу жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоонун негизги көрсөткүчтөрү

Орто атайын кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттерин негизинен 15-22 жаштагылар түзүп, жалпысынан алганда руханий-адептик баалуулуктары активдүү жарандык позиция жана кесиптик компетенттүүлүктөр менен айкалышта өнүгөт.

Орто атайын кесиптик жана жогорку билим берүү тутумундагы окуучу жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоонун негизги көрсөткүчтөрүн төмөнкүдөй мүнөздөөгө болот:

  • улуттун, мамлекеттин маданий ѳзѳгүн сактоонун шарты катары байыртадан өнүгүп-өркүндөп келген элдик өрнөктүү каада-салт, үрп-адат, ырасым-жөрөлгөлөрдү урматтоо жана барктоо, аларды өзүнүн жашоо-турмушунун эреже-мыйзамына айландыруу, бул жагдайда башкаларга өрнөк болуу;
  • Кыргызстан элдеринин жашоо-турмушу, улуттук кулк-мүнөзү, жигер-дымагы, менталдык-психологиялык сапаттары, диний түшүнүктөрү, дүйнөгө болгон көз карашы, тарыхый-маданий тажрыйбасы, адептик-этикалык салттары жөнүндө ар тараптуу, кеӊири илимий маалыматка ээ болуу;
  • улут аралык карым катыштагы толеранттуулук, өзүн башкалардын ордуна коё билүү, ѳзүнүн адептик позициясы менен жүрүм-турумунда улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды айкалыштыра билүү;
  • Ата-эне, тууган-урук, эл, коом, мамлекет, адамзат алдындагы жоопкерчилигин туюу жана алардын алдындагы парздарын абийирдүүлүк менен аткаруу;
  • Өзүн өмүрүнүн аягына чейин кесиптик милдеттерине чынчыл, ак ниет, берешендик менен мамиле кылуу ниети;
  • Кесиптик жана руханий-ишеним ынанымдарын тынымсыз бекемдөөгө, өзүн-өзү тарбиялоого умтулуусу;
  • Илимий, руханий, адеп-ахлактык, саясий көз-карашты жана сергек диний ишенимдердин калыптанышы;
  • Үй-бүлө алдындагы жоопкерчилик, үй-бүлөсүн бактылуу кылуу жана балдарды тарбиялоо үчүн зарыл болгон билимге, билгичтикке жана көндүмдөргө ээ болуу;
  • Үй-бүлөлүк парздын көндүмдөрүн калыптандыруу, үй-бүлөдөгү өз-ара ишенимди, берилгендикти, сүйүүнү жана тилектештикти чыңдоо, руханий туруктуулукту камсыз кылууга умтулуу;
  • Элдин, өлкөнүн келечегине бекем ишеним жана аны өнүктүрүүгө байланыштуу реформалардын активдүү катышуучусу болууга умтулуу;
  • Кесиптик жамаат менен тил таап, команда менен ымалада иштей билүүгө, зарыл учурда жоопкерчиликти, лидерликти өзүнө алып, башкаларды баалуу идеяларга ынандырууга даярдык.

Ошентип, бүгүнкү кесиптик билим берүүнүн натыйжасы инсандык руханий-адептик баалуулуктар менен кесиптик компетентүүлүктөрдүн гармониясынан турат.

1.6. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн методологиялык негиздери

Тарбиялоо ишин жүзѳгѳ ашыруу бекем методологиялык түшүнүктѳргѳ, парадигмалык мамилелерге жана принциптерге негизделгенде гана ырааттуу кайтарымдуу ишке ашат.  Тарбиялоонун маңызы  айрымдары парадигмалардын тутумунда  “Мурдагы муундун тажрыйбасын кийинки муундарга ѳткѳрүү процесси”,  “Инсанды коомго пайда келтире турган абалга алып келүү”, “Балдарды жана жаштарды коомдук турмуштун талаптарына үйрѳтүү” –деп сырткы таасирлердин объектиси катары мүнѳздѳлүп жүрѳт. Ошону менен катар, демократиянын эпкини менен балдарды  ѳз алдынча  субъект катары ашкере актуалдыштырган  тарбиячы менен баланы тарбиялоо процессиндеги партнерлор таризинде айкындаган айрым  калпыс кѳз караштар да учурап жүрѳт. Түпкүлүгүндѳ, тарбиялоо — баланын каалоо, эркине ылайыкташуу да эмес. Анын үстүнѳн  бир тараптуу башкаруу да эмес.

Тарбиялоо — бул адамдын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн, инсанды коомдо кабыл алынган социалдык маданий жана руханий адептик баалуулуктардын алкагында өзүн-өзү аныктоосу, социалдашуусу үчүн шарт ыӊгайларды түзүүгө багытталган ишмердүүлүк.

Демек, тарбиялоо – атайылап түзүлгѳн жагымдуу шарт, жагдай түзүү аркылуу инсандын ѳнүгүү процессин башкаруу.

Тарбиялоо, татаал жана кѳп кырдуу коомдук, инсандык мааниге ээ кубулуш катары, тѳмѳнкүдѳй методологиялык мамилелердин негизинде туура аңдалып турмушка ашырылат:

Антропологиялык мамиле — тарбиялануучулар менен иштөөдө ар бир баланы кайталангыс инсан катары кабыл алууну жана  анын өзгөчөлүктөрүн адам тууралуу билимдердин баарына таянып үйрөнүүнү  талап этет.

Системдүү мамиле – руханий адептик тарбияны инсандын, коомго, мамлекетке эмгекке, кооздук асылдыктарга, ѳзүнүн ден-соолугун чыңдоого мамилесин калыптандыруу   менен өз ара биримдикте, өз ара байланышта аңдап билүү жана ишке ашырууну талап этет.

Инсан таламдуу мамиле – адамды коом тарабынан кадыресе каражат катары пайдаланып, ыксыз башкара берүүгө болбостугу жөнүндө кабар берет. Руханий адептик жана дене-бой жактан тарбиялоонун максаты ар кандай адамдын өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү, өзүн-өзү реализациялоо мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, колдоого, калыптандырууга багытталаарын айгинелейт.

Компетенттик мамиле – тарбиялоо иши, инсандын  коом мүчөсү катары жашоо турмушка даярдыгын, социалдашуусун камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга  багытталуусуна басым жасайт.  Бул талаптарга ылайык мамлекеттик билим берүү стандарты предметке таандык кѳрсѳткүчтѳр менен  бирдикте инсандын  социалдык, жалпы маданий, атуулдук, адептик, эстетикалык, жалпы адамзаттык компетенцияларын  калыптандырууну камсыз кылышы абзел.

Аксиологиялык мамиле — адамды эӊ башкы асылдык, баалуулук жана улуттук баалуулуктардын алып жүрүүчүсү, ошондой эле, өзүнүн  жашоо- турмушун,  ишмердүүлүгүн көөнөрбөс руханий идеалдардын жана адептик нормалардын негизинде уюштурууга жөндөмдүү субъект катары, ал эми тарбиялоо  ишин,  асылдыктарды улуудан кичүүгө, адамдан адамга өтүшүн камсыз кылуучу социалдык ишмердүүлүк катары кароону шарттайт. Аксиологиялык мамиле, таалим-тарбия ишинин бүтүндөй тутумунун, билим берүү мекемелеринин жашоо укладынын улуттук тарбиянын идеалдарына негизделишин шарттайт.

Иш-аракетке негизденүү – бул мамилеге ылайык тарбиялоо ишинин максат милдеттери, чоӊдордун жана балдардын эки тараптуу ишмердүүлүгү аркылуу гана ишке ашат. Бул өӊүттө, тарбиялоо процессин уюштуруу — ириде балдардын руханий баалуулуктарды өздөштүрүү, анын негизинде жашоого адат алуучу реалдуу кырдаал шарттарды түзүү дегендикке жатат.

Көп субъективдүүлүккө жана көп маданияттуулукка негизденүү —  инсандын өзүндөгү адамдык жана гуманисттик сапаттардын көп кырдуулугу жана байлыгы, көрөӊгөлүү, нускалуу адамдар менен баарлашуусунун көптүгүнөн көз каранды  экендигин туюнтат. Инсандын айланасында  таалим-тарбия кѳрсѳтүүчү субьекттер канчалык кѳп болсо анын жан дүйнѳсү, турмуштук тажрыйбасы ошончолук ар тараптуу жана бай болот.

Этнопедагогикалык мамиле — тарбиялоонун мазмунун  улуттук аӊ-сезимди калыптандырууга багытталган, көөнөрбөс элдик руханий-адептик нарктарга негиздөөнү жана бардык атуулдардын эне тилин, элдик салттарын  үйрөнүүсү  үчүн шарттарды түзүүнү көзөмөл тутат.

  • Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү уюштуруунун негизги принциптери

Тарбиялоонун натыйжалуулугу, баланын кѳп кырдуу турмуш чѳйрѳсүнүн бардык жагдай шарттарын  анын  дени сак, руханий-адептик баалуулуктары бакубат болуп ѳнүгүшү үчүн максаттуу пайдалануудан кѳз каранды. Балдардын инсан катары калыптанышын аныктаган факторлорго ѳзүнүн турмуш агымы, мектептеги окуу, мугалим, ата-эне, коомчулук, теңтуштар тобу, виртуалдык дүйнѳ, ѳзүнүн субъективдүү ѳзгѳчѳлүктѳрү кирет.

Бул шарттарда, окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоо ишин уюштуруунун негизги принциптери катары тѳмѳнкүлѳрдү эсептѳѳгѳ болот:

Окутуу жана тарбиялоонун интеграциясына, биримдигине жетишүү. Руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, окуучулардын сабактагы, сабактан тышкаркы, мектептен тышкаркы турмуш чѳйрѳсүндѳгү бардык негизги ишмердүүлүгүн ичине алышы абзел.  Бул принцип, педагогикалык процессте окутуу жана тарбиялоонун, бүтүн педагогикалык процесстин эки компоненти катары, ѳз-ара  ажырагыс байланышта болушун талап этет.     Азыркы жалпы билим берүүчү орто мектептердин базалык окуу  планы 7 билим берүү тармагынан турат. Алардын предметтик  билим берүү стандарттарында инсандын базалык баалуулуктарын руханий адептик, укуктук, эстетикалык, дене-бой маданиятын ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳлѳр бар.

“Тилдик” билим берүү тармагына таандык  мамлекеттик жана/же расмий  жана чет тилдери сабактары   улуттук жана жалпы адамзаттык руханий-адептик баалуулуктарды таануунун жана тилдик каражаттар аркылуу  инсан аралык, улут аралык руханий-адептик карым-катыш нормаларын  жашоо турмушунда колдонууга даярдоонун бирден бир таасирдүү каражаты катары каралат.

«Социалдык» билим берүү тармагына таандык сабактарда  (тарых, «Адам жана коом», укук таануу, дин маданиятынын тарыхы) –  кыргыз мамлекетине таандыктык, жарандык сезими күчтүү жана кыргыз коомунун инсандык руханий жана маданий баалулуктарын кабыл алган, сактаган, өнүктүргөн, Кыргыз мамлекетинин алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген инсанды калыптандыруу эң башкы максат катары каралат.

«Искусство» билим берүү чөйрөсүндѳгү сабактар (адабият, музыка, көркөм сүрөт чыгармачылыгы) адабият менен искусствонун чыгармаларында аккумуляцияланган улуттук жана жалпы адамзаттык руханий–адептик идеалдарды, асылдыктарды көркөм-образдык таризде туюуу, кабылдоо, алган таасирлерин сыпаттап руханий байманасына айландыруу тажрыйбасын арттырат.

«Табигый-илимий» билим берүү  тармагы (химия, биология, физика, география, астрономия)  негизги предметтик компетенттүүлүктѳр менен бирдикте  окуучулардын экологиялык көйгөйлөрдүн илимий негиздерин ичтен түшүнүүсүнѳ, “адам — табият” системасынын ортосундагы өз ара байланыштардын татаал системасын баалоого, курчап турган табият алдында өздүк парызын, жоопкерчилигин, гумандуу мамилесин  жүрүм турум адаттарын ѳнүктүрүүгѳ негиз болот.

                   Окутуу процессинин тарбиялык милдеттер менен интеграциясы, мугалимдин окуучунун ѳзгѳчѳлүктѳрүн таануу, ага гумандуу мамиле кылуу менен бирдикте, жүрүм-турумуна баам салып, сабактагы ыңгайлуу кырдаалдарды балдардын адептик нормалар тууралуу билимин тереңдетүү, жүрүм-турумга кѳнүктүрүү, кемчиликтерин түзѳтүү ишмердүүлүгүнѳ жараша болот. Окутуунун жана тарбиялоонун интегративдик мүнѳзү, предметтик мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү мекемесинин администрациясынын жана ата-энелердин кѳз-караштарынын биримдиги аркылуу бекемделет.  Окуучуларга багытталган адептик эрежелер сабакта талап кылынбаса же сабактын мазмунунда ачыкталган адептик баалуулуктар сабактан сырткаркы мезгилде актуалдашпаса, жугуму, таасири тайыз болот.

                   Руханий-адептик жана дене-бой жактан тарбиялоодо ата-энелердин, коомчулуктун биргелешкен иш аракетин камсыз кылуу. Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү ишине катышкан бардык субъекттердин (үй-бүлѳ, коомдук уюмдар, салттуу дин уюмдары, кошумча билим берүү, маданият жана спорт мекемелери ж.б.) ѳзүнүн тарбиялык ишмердүүлүгүндѳ,  улуттук тарбия идеалын, анын базалык баалуулуктарына  шайкеш  жүргүзүшү зарыл. Балдардын эң биринчи жана эң таасирдүү мугалимдери ‒ ата-энелер экендиги педагогикалык аксиома. Концепциянын алкагында  ата-энелердин социалдык жоопкерчилигин, педагогикалык компетенттүүлүгүн  өркүндөтүү дени сак, сергек жашоону тутунган адеп ахлактуу муунду тарбиялоонун негизги шарттарынын бири катары каралат. Балдардын руханий турмушунун көп кырдуулугуна жетишүү   кошумча билим берүү мекемелеринин, спорттук мектептердин  ишмердүүлүгүн жаӊы нукта уюштуруунун зарылдыгын жаратат. Тарбиялоо ишинин системдүүлүгүнө жетишүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын өз аймагындагы маданий, спорттук, таалим-тарбия иштерин координациялоо жоопкерчилигин арттырууну талап этет. Жогоркулар менен бирдикте мектептер элет жеринин социалдык-маданий адептик салттарынын таасирин кайтарымдуу пайдалануу үчүн этномаданий диалог куруулары шарт. “Адамдар  өзү жашаган чөйрөнүн таасири  астында  өсүшөт  жана  тарбияланышат, демек, алардын  жан  дүйнөсүнүн  калыптанышында  ошол   чөйрөнүн  таасири  чечүүчү  мааниге  ээ” (К.Д. Ушинский). Жалпылап айтканда тарбиялоонун субьектеринин ортосунда паритеттүү, партнердук кызматташууну активдештирүү шарт.

                   Инсанды руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү процессин гуманисттик баалуулуктардын чегинде  аңдоо. Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү иши инсанды ѳзүндѳ ѳнүгүү программасы бар кайталнгыс зат катары таанып, аны ачууга багытталган  гуманистик баалуулуктарга негизделиши шарт. Мындай парадигманын шартында ата-энелер, педагогдордун ишмердүүлүгү балдардын ѳзүн ѳзү ѳнүктүрүүчү инсандык функциясын иш-аракетке келтирүүгѳ багытталат.  Буга ылайык тарбиялоо иши инсандын ѳзүнѳ ѳзү жардамчы болуп ѳзүн ѳзү тарбиялоосун колдоо, коштоо катары каралат. Балдардын ѳз алдынча ѳнүгүүсү үчүн кеңеш кѳмѳк кѳрсѳтүүчү шарт жагдайларды түзүү концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири катары каралышы абзел. Буга байланыштуу концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири инсанды социалдаштыруу анын жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн ѳнүктүрүү менен шайкеш келгенде гана ыкчам алдыга жылат деген гуманисттик баалуулукту сунуштоо болуп эсептелет.

Мугалим, тарбиячынын инсандык ѳрнѳгү, тарбиялык таасирине таянуу. Жаш муундарды,  улуттук тарбия идеалынын баалуулуктарынын негизинде тарбиялоо ишине тике жоопкер,  эң башкы субьект — мугалим.  Руханий-адептик жактан тарбиялоонун талаптары, мугалимдин  инсандыгынын ѳрнѳк үлгүсү аркылуу гана балдардын ишенимине айланып, чындыкка айланат. Башкача айтканда, мугалимдин инсандык нускасы, тарбиялоо ишинин ийгиликтүү ишке ашуусунун эң башкы кепилдиги.  Бул педагогикалык мыйзам тууралуу К.Д.Ушинский “Тарбиячынын жаш муундардын жан дүйнөсүнө таасирин эч нерсе менен теңдештирүүгө болбойт, аны окуу китептер да, ар кандай адептик осуяттар да, мактоо жана жазалоо системасы да алмаштыра албайт” – деп жазган. Демек, мугалим  балдар үчүн жѳн эле сабак бергич эмес,  “насаат нускасы, таасирлүү чоң адамдын идеалы”, “турмуш жана улуттук дүйнө тааным булагы” образында кабылданышы абзел.  Ал өз элинин руханий-адептик маданиятын, дүйнөлүк маданияттын үлгүлөрү менен  жуурулуштуруп, балдарды билим жана маданият чөйрөсүнө баштоочу “гид” болушу шарт.

Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүүдѳ гуманисттик баалуулуктарга негизденүү. Балдардын  руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү иши, ѳзүндѳ ѳнүгүү программасы бар кайталангыс инсан катары таанып, аны ачууга багытталган  гуманистик баалуулуктарга негизделиши шарт. Мындай парадигманын шартында ата-энелер, педагогдордун ишмердүүлүгү балдардын ѳзүн ѳзү ѳнүктүрүүчү инсандык функциясын иш-аракетке келтирүүгѳ багытталат.  Буга ылайык тарбиялоо иши инсандын ѳзүнѳ ѳзү жардамчы болуп ѳзүн ѳзү тарбиялоосун колдоо, коштоо катары каралат. Балдардын ѳз алдынча ѳнүгүүсү үчүн кеңеш кѳмѳк кѳрсѳтүүчү шарт жагдайларды түзүү концепциянын ѳзѳктүү принциптеринин бири катары каралышы абзел. Бул концептуалдуу кѳз караш инсанды социалдаштыруу анын жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн ѳнүктүрүү менен шайкеш келгенде гана ыкчам алдыга жылат деген мыйзам ченемдүүлүккѳ негизделет.

2-БӨЛҮМ: ОКУУЧУ ЖАШТАРДЫН ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ

2.1. Түйүндүү түшүнүктөр:

 

Дене тарбия — адамдын дене боюн жана физикалык сапаттарын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде ден соолугун чыңдоого багытталган жана атайын уюуштурулган педагогикалык процесс. Педагогикалык процесс катары анын мазмуну дененин өнүгүүсүн (дене келбетинин белгилеринен, дене сапаттарынан, организмдин функционалдык абалынан), дене тарбия билимдерин (билим, билгичтик, көндүм) жана ар тараптуу тарбия берүү (адепке, акыл-эске, эстетикага жана эмгекке) маселелерин ырааттуу уюштурууну талап кылат.

Дененин өнүгүүсү – адам баласынын морфологиялык жана функционалдык өңүттө өсүп жетилүү процесси. Негизинен дененин салмагы, бойдун узундугу, организмдин түрдүү бөлүктөрүнүн, органдардын жана системалардын көрсөткүчтөрү жана алардын пропорциялык катышы катары колдонулат.

Дене тарбия билимдери – дене тарбия каражаттарын, ыкмаларын жана натыйжалуу формаларын мүнөздөгөн билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн курамы.

Ар тараптуу тарбия берүү – дене тарбия процессинде окуучуларды адепке, акыл-эске жана эстетикага тарбиялоо.

Физикалык сапаттар – адам баласынын күчү, ылдамдыгы, ыкчамдыгы, чыдамкайлуулугу жана ийилчээктиги катары мүнөздөлөт.

Ден соолукту чыңдоо – адам баласынын саламаттыгын сактоого, коргоого, жашоо сапатын жакшыртууга багытталган, ден соолуктун жабыркалануусун алдын алууга жана коррекциялоого багытталган педагогикалык, социалдык жана экологиялык ишмердүүлүк.

Денени физикалык жактан даярдоо – прикладдык багыттагы дене сапаттарын өнүктүрүү менен байланышкан педагогикалык процесс.

Кыймыл-аракетке үйрөтүү  – расмий окуу программасында көрсөтүлгөң кыймыл-аракеттердин түркүмүн баштапкы үйрөтүү, тереңдетип үйрөтүү жана өркүндөтүү иретинде мугалимдин жетекчилиги менен уюштурулган атайын педагогикалык процесс.

Сергек жашоо образы – саламаттыкты сактоо, ар түрдүү оорулардын алдын алуу жана денени чыңдоо менен байланышкан адам баласынын жеке жашоосу. Сергек жашоо образы режим кармоо, туура тамактануу, дене тарбия көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз аткаруу, спорт менен машыгып, оптималдуу физикалык активдүүлүктү камсыз кылуу жана ошо эле мезгилде тамеки чегүүдөн, спирттик ичимдиктерден жана орунсуз жүрүм-турумдан баш тартуу иретинде мүнөздөлөт.

2.2. Дене тарбиянын максаты жана негизги баалуулуктары

      Соңку мезгилдин талабы жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө уюштурулуучу дене тарбия процессинин күтүлүүчү натыйжаларын так аныктоону, дене тарбия менен байланышкан билимдерди өздөштүрүүнүн, кыймыл-аракет билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруунун жана негизги физикалык сапаттарды өрчүтүүчү машыгуулардын багыттарын, каражаттарын, ыкмаларын жана уюштуруу формалары сынчыл көз караш менен салмактап, заманбап теориялардын жоболоруна дал келтирип кайрадан карап чыгууну талап кылат.

Инсандын дене тарбиясынын максаты адам баласын руханий баалуулуктун жана адеп-ахлактык тазалыктын негизинде анын физикалык жактан ар тараптан жетилишин камсыз кылуу болуп саналат. Максаттын өзөгүн түзгөн физикалык жактан ар тараптан жетилүү түшүнүгү биологиялык  (организмдин формасынын жана функциясынын жетилиши), социалдык (эмгекке жана мекенди коргоого даяр болуу) жана педагогикалык (педагогикалык таасир берүүчү каражаттарды туура колдонуу) көз караштарга жараша мүнөздөлөт. Көздөгөн максатка жетүү ар бир инсандын жеке дене маданиятын калыптандыруу дегенди билдирет. “Инсандын жеке дене маданияты” түшүнүгү баалуулуктардын түркүмү, ишмердүүлүктүн бир түрү жана ишмердүүлүктүн жыйынтыгы иретинде таанылат жана төмөндөгү аспектилерди камтыйт.

Биринчиден, дене маданияты баалуулуктардын түркүмү иретинде – адам баласынын дене-боюн, физикалык негизги сапаттарын (күчүн, ылдамдыгын, ыкчамдыгын, чыдамкайлуулугун, ийилчээктигин) жана ден соолугун чыңдоо максатында атайын аткарылуучу иш-аракетти туюндурат, адамзат тарабынан иштелип чыккан жана тандалып алынган материалдык жана рухий баалуулуктардын түркүмү катары кабыл алынат. Анын системдүү калыптанышы мамлекет жана коом тарабынан түзүлгөн материалдык-техникалык базадан (спорттук курулмалардын, спорттук залдардын, бассейндердин, стадиондордун) жана коом туу туткан руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардан турат. Аталган баалуулуктарды калыптандыручу заманбап дене тарбия методикасы, дене тарбия жана спорт багытындагы илимдин өнүгүшү, массалык-мааалымат каржаттардын салымы ж.б.у.с. ресурстарды максаттуу колдонуу маанилүү роль ойнойт.

Экинчиден, дене маданияты ишмердүүлүктүн бир түрү иретинде – адам баласын турмушка даярдоо максатында анын дене-бой көрсөткүчтөрүн өстүрүүнүн, физикалык даярдыгын жакшыртуунун, ден соолугун чыңдоонун, сергек жашоо образын калыптандыруунун негизинде жаш муунду натыйжалуу эмгектенүү жана Ата Мекенди коргоого даярдоо дегенди туюндурат жана коомдо орун алган социалдык ишмердүүлүктүн бир түрү катары таанылат. Анын системдүү калыптанышы дене тарбия жана спорт багытындагы адистердин натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн көз каранды болот. Анткени, атайын билими бар адистер дене маданиятынын базалык, спорттук жана жардамчы түрлөрү көздөгөн максаттарды түздөн-түз ишке ашыруучу кыймылдаткыч күчтүн ролун ойнойт.

Дене маданиятынын базалык түрү менен байланышкан адистик ишмердүүлүк негизинен билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде жана баскычтарында билим алып жатышкан окуучуларга милдеттүү дене тарбия сабактарын өтүү жана массалык-спорттук иш чараларды уюштуруу менен коштолот. Ал эми улуу муун менен иш алып барууда дене маданиятынын базалык түрү тандоо эркиндигине негизделет жана ар бир инсандын жеке каалоосуна жараша өнүгөт. Ага байланыштуу дене тарбия адистерин сапаттуу даярдоо жана дене маданиятынын базалык түрлөрүн кеңири жайылтуу маселелери колго алынышы зарыл. Массалык-маалыматтык аймакта физкультура жана спорттун адам баласынын жашоо өмүрүн узартуудагы, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуудагы, карылыкты алыстатуудагы  мүмкүнчүлүктөрү кеңири чагылдырылышы маанилүү. Калайык-калктын мындай катмарына ыңгайлуу социалдык шарттарды түзүү, экономикалык алга сүрөөчү механизмдерди иштеп чыгуу жана адистик тейлөө кызматтарын кеңири жайылтуу да маанилүү роль ойнойт.

Дене маданиятынын спорттук түрү менен байланышкан ишмердүүлүк өзгөчө шыгы жана таланты бар жаштарды камтыйт. Мындай контингент менен иш алып барууда жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо системасы жандуу жана натыйжалуу иштеши зарыл. Анткени, спорттук натыйжаны прогноздоо, аны камсыз кылуучу ишмердүүлүктү моделдештирүү, үлгү иретинде аныкталган моделдин көрсөткүчтөрүнө ылайыктап жаш спортсмендерди тандоо, алар менен узак жылдарды камтыган машыгууларды өткөрүү, жооптуу мелдештерге катыштыруу, спортчунун чарчап-чаалыккан абалын багыттап калыбына келтирүү иш-аракеттери орун алышы шарт. Элди, жерди, өлкөнү даңазалай турган спортсмендерди даярдоо заманбап материалдык-техникалык базанын түзүлүшүнөн жана жогорку квалификациялуу машыктыруучулардын катмары калыптанышынан көз каранды. Ага байланыштуу спорттук машыгуучуларды даярдоо, алардын адистик билимин үзгүлтүксүз жогорулатып туруу колго алынышы зарыл. Дене маданиятынын спорттук түрүн индустрия катары калыптандыруу, анын татаалдыгына жана көп каражатты талап кылаарына карабастан жолго коюлушу маанилүү. Дене маданиятынын спорттук түрү ырааттуу уюштурууну, бул багытта эки баскычтын орун алышын талап кылат. Биринчиси – баштапкы спорттук багыттагы дене маданияты иретинде уюштурулат жана белгилүү деңгээлдеги массалуулугу менен айырмаланат. Анткени, спортко шыгы бар балдарды жана жаштарды адистештирилген спорттук мектептерге кеңири тартуу менен коштолот. Ал эми, экинчиси – жогорку спорттук натыйжага жеткирүүчү дене маданияты иретинде орун алат жана элин, жерин, өлкөсүн дүйнөгө таанытууга татыктуу спортсмендерди даярдоо максатын көздөйт. Даңазалуу спортсмендердин өмүр жолун жана жараткан ийгиликтерин жаңы муун үчүн тарбиялык идеал катары колдонуу зарылдыгы эске алынышы жана жолго коюлушу маанилүү.

Дене маданиятынын жардамчы түрү менен байланышкан ишмердүүлүк өз алдынча мааниге ээ болгон маселелерди чечүүгө багытталат. Мындай маселелер инсанга адистик-прикладдык, саламаттыкты калыбына келтирүүчү жана өмүргө дем берүүчү дене маданияттарын калыптандыруу багыттарында орун алат. Тилекке каршы, дене маданиятынын жардамчы түрү жана мүмкүнчүлүктөрү кыргызстандын соңку тарыхында жоголуп кетүү абалына кептелип калды. Жаш муунга адистик билим берүүдө болочок кесиптин өзгөчөлүктөрүн эсепке алган адистик-прикладдык жана аскерий-прикладдык дене тарбия иш-аракеттери орун алышы зарыл. Өндүрүштүн кескин кыскарышы жана рынок мамилелеринин кеңири жайылышы өндүрүштүк-прикладдык дене тарбияны четке сүргөнү, бул багыттагы иш чараларды уюштуруу зарылдыгы бар экендиги да маанилүү. Социалдык-экономикалык абалдын оорлошкону дене маданиятынын саламаттыкты калыбына келтирүү (реабилитация) мүмкүнчүлүктөрүн да кыскартты. Оору-сыркоолордун алдын алуу, чарчап-чаалыгуунун, түрдүү кырсыктардын кесепетинен келип чыккан организмдин функциалдык мүмкүнчүлүктөрүндөгү жоготууларды калыбына келтирүүдө дарылоо физкультурасын кеңири жайылтуу зарылдыгы пайда болду. Өзгөчө, COVID-19 пандемиясы өмүргө дем берүүчү дене маданиятын күнүмдүк турмушта кеңири жайылтышын, жашоого сергек маанай түзүү максатында колдонулушун кадыресе көрүнүшкө айлантуу максатка ылайык болоорун далилдеди. Ошондуктан, эртең мененки гимнастика, кондициялык машыгуулар, дем алыш күндөрүндөгү үй-бүлө менен бирге эс алуу, тоо койнуна барып сейилдөө, лыжа тебүү, туристтик жүрүшкө чыгуу, бассейндерге барып сууга сүзүү сымал эс алуунун активдүү формалары кадыресе көрүнүшкө айланышы керек.

Үчүнчүдөн, дене маданияты ишмердүүлүктүн жыйынтыгы иретинде коомдук маданияттын бир бөлүгү катары таанылат. Ага байланыштуу дене маданиятынын аталган түрү адам баласын кандайдыр бир ишмердүүлүккө даярдоодо коом топтогон тарыхый тажрыйба иретинде мүнөздөлөт. Мындай өңүттө, кыргыз коомунда топтолгон эки ресурсту максаттуу колдонуу маанилүү. Биринчиси, кыргыз элинин салттуу оюндары жана улуттук спорттунун түрлөрү. Экинчиси, спорттун дүйнөдө кеңири жайылган классикалык түрлөрү.  Биринчи ресурс, инсандын дене тарбиясында тарыхый мурасты сактап, кыргыз элине мүнөздүү руханий-адеп-ахлакты карманып, ар бир жарандын улуттук иденттүүлүгүн бекемдөөгө салым кошсо, экинчи ресурс, классикалык спорттун түрлөрү боюнча өтүүчү олимпия оюндарына, дүйнөлүк, континенталдык жана регионалдык деңгээлдеги мелдештерге катышып, кыргыз элин жана мамлекетин таанытып-даңазалоо келечегин түптөйт.

Тилекке каршы, кыргыз коомунун соңку мезгилине мүнөздүү, илимий жана руханий-адеп-ахлактык көз карашта талаштуу жагдай орун ала баштады. Ааламдашуу доору, рынок шарты, шоу-маданияты спорт ишмердүүлүгүнө негизделген бир катар бизнес-долбоорлорду кыргыз спортуна жуурулуштурду. Коммерциялык өңүттө өнүккөн спорт материалдык баалуулукту руханий-адеп-ахлактык баалуулуктан жогору коюп, жеңишке жетишүү каражаттарынын жаратылышын өзгөрттү. Чексиз агрессивдүүлүктү жана зомбулукту даңазалаган эрежесиз эр таймаш сымал шоу-мелдештер дүйнө таанымы калыптана элек жаш муунга терс таасир тийгизүүдө. Мындай мелдештерге кыз-келиндердин тартылышы, аларды шыктандыруу иретинде өлкө башчысы баш болуп расмий куттуктоолорду жибериши тайкы түшүнүктөрдүн түптөлүшүнүн башаты деп кабыл алуу керек. Анткени, мындай мелдештердин адам баласынын ден соолугуна тийгизген таасири тийиштүү илимий изилдөөлөрдүн предмети боло элек, ал эми кыргыз аял затынын  жаратылышына шайкеш келбеген чексиз агрессивдүүлүк жана зомбулук элибиздин каада-салтына жана нарк-насилине жарашпайт. Ошондуктан, коммерциялык багыттагы спорттун түрлөрү жана формалары белгилүү бир деңгээлде тартипке келтирүү зарылдыгы бышып жетилгенин көрсөтөт.

2.3. Жетектөөчү идея, дене тарбиянын адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга негизделиши жана багыттары.

       Жогоруда белгилегендей инсандын дене тарбиясы негизинен жаш муун менен иш алып барууда олуттуу орун ээлейт. Ага байланыштуу окуучу жаштардын дене тарбиясын жакшыртуу жаатындагы жетекчиликке алуучу идея төмөндөгү тартипте мүнөздөлөт.

Жетектөөчү идея инсандын дене тарбиясы ачыктыкка, көп түрдүүлүккө, гумандуулукка, демократиялык мамилелерге, адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга басым жасоого жана ар бир окуучунун инсан катары өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу иш-аракетине негизделет. Бул максатта заманбап илимий көз караштарга негизделген окуучунун кыймыл-аракет базасын калыптандыруу, физикалык сапаттарын өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо иретинде инсандын дене тарбиясындагы мазмундук линия аныкталат.

Инсандын дене тарбиясы ачыктыкка жана көп түрдүүлүккө негизделиши чечилүүчү милдеттердин, колдонулуучу каражаттардын, ыкмалардын жана формалардын түшүнүктүүлүгүн жана көп түрдүүлүгүн камсыз кылуу дегенди билдирет. Инсандын дене тарбиясы гумандуулукка жана демократиялык мамилелерге таянып, окуучуну дене-бой жактан жетилтүүдө, физикалык даярдыгын калыптандырууда жана ден соолугун чыңдоодо анын жеке өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эсепке алууну талап кылат. Дене тарбия мугалимдери окуучунун кыймыл-аракет базасын калыптандыруу, дене сапаттарын өрчүтүү жана ден соолугун чындоо  максатында сунушталуучу дене жүктөмдү окуучунун жыныстык, физикалык даярдык жана курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша жекелештирип аныктоого милдеттүү жана дайыма окуучу менен кызматташуу аракетинде болушу маанилүү. Мугалимдин окуучуга карата мамилеси урматтоого, жетишкендиктерге объективдүү баа берүүгө, баланын кабыл алуу, таасирленүү, кубануу жана кайгыруу реакцияларын эсепке алууга негизделиши шарт. Инсандын дене тарбиясын демократизациялоо мазмундук, ыкмалык жана формалык бир түрдүүлүктөн анын көп түрдүүлүгүнө өтүү иретинде кабыл алынып, аталган процессин артка чегинбешинин кепили болушу маанилүү. Түпкүлүгү педагогикалык мамилелердин кынтыксыз баш ийүү талабынан баш тартып, педагогикалык кызматташуу талабын кеңири жайылтуу дегенди билдирет.

Инсандын дене тарбиясы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарга негизделиши сабак учурундагы жана сабактан сырткары өткөрүлүүчү иш-чараларда окуучунун руханий-адеп-ахлактык өнүгүшүнө басым жасоо дегенди билдирет. Дене тарбия процессинде окуучуга адептик, акыл-эстик жана эстетикалык тарбия берүү багыттары, алардын ар биринин көздөгөн максатын, милдеттерин, каражаттарын жана ыкмаларын ырааттуу аныктап, натыйжалуу ишке ашырууну талап кылат.

Дене тарбия процессинде адепке тарбиялоонун мазмуну заманбап аң-сезимдерди, учурдун талабына жооп берген моралдык көз карашты жана этикалык жүрүм-турумду калыптандырууну көздөйт. Заманбап адептик мамилелердин өзүнө, жолдошторуна, окуган окуу жайына, курчап турган айлана-чөйрөгө жана коомго карата кура билүүгө үйрөтөт. Адамзаттык жана улуттук баалуулуктар менен байланышкан инсандык мүнөздү, белгиленген тартипти бекем сактоо, принципиалдуу позицияны кармана билүү, таза жана акыйкат болуу менен байланышкан моралдык-эрктик жана этикалык сапаттарды калыптандыруу аракеттери көрүлөт. Адепке тарбиялоонун каражаты катары коомдук мамилелердин жаратылышын тескеген мораль, окуу жайдын уставында белгиленген окуучулардын укуктары жана милдеттери, спорттук мелдештердин эрежелери жана этикасы колдонулат. Дене тарбия процессинде өздөштүрүү үчүн сунушталган кыймыл-аракетке атайын адептик багыт берүү, утулганды шылдыңдабоо, жыгылганды урбоо, кемчилик кетиргенди мазактабоо сыяктуу талаптар коюлат жана алардын аткарылышы көзөмөлгө алынат. Окуучулар бири-бирин үйрөтүү процессине тартылат жана билгениңди башка бирөөгө үйрөтүү жана жалпы ийгиликке бирге кубануу аракеттери колдоого алынат. Дене тарбия процессинде окуучуга адептик тарбия берүүдө мугалимдин өрнөк боло турган жеке жүрүм-туруму маанилүү роль ойнойт жана бул өңүттө дене тарбия мугалимине карата коюлуучу адистик жана инсандык талаптар жогорулайт. Адепке тарбиялоонун негизги ыкмалары катары ынандыруу (түшүндүрүү, насаат айтуу, окуучунун жүрүм-турумун талдоо, аңгемелешүү, диспуттарды уюштуруу), адептик жүрүм-турумга алгачкы ирет үйрөтүү, жакшы жүрүм-турумду бекемдөө жана мезгил-мезгили менен текшерип туруу ыкмалары колдонулат. Окуучу жараткан ийгиликтин көз жаздымда калбашы, аны учурунда кубаттоо, ишеним көрсөтүү, ыраазычылык жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү да маанилүү роль ойнойт. Адепке тарбиялоо “бир да жосунсуз жорук мугалимдин көз жаздымында калбайт”, — деген эрежеге баш ийиши керек. Ага байланыштуу зарыл болгон учурда окуучуну мажбурлоо (милдетин эскертүү) жана жазалоо (эскертүү, күндөлүккө жазуу, кызыктуу иштерге аралаштырууну чектөө, команданын курамынан чыгарып салуу, класстык чогулушта талкуулоо) ыкмалары колдонулат.

Дене тарбия процессинде окуучуну акыл-эске тарбиялоо анын руханий дүйнөсүн байытарын, таанып-билүү кызыгуусун өрчүтөрүн, атайын информацияны топтоо, жыйынтыктоо жана анализдөө жөндөмүн жана тийиштүү көндүмдөрүн калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу менен уюштурулушу керек. Ага байланыштуу физкультура жана спорттун адам баласына тийгизген таасири жөнүндөгү билимдерди окуп-үйрөнүүгө басым жасоо жана окуучунун интеллектуалдык жөндөмүн жана билимдүүлүк сапаттарын жакшыртууга салым кошуу аракеттери кеңири колго алынышы маанилүү. Акыл-эстин жандуулугун, тез кабыл ала билүүчүлүгүн жана ышкыбоздугун жакшыртуу боюнча тийиштүү ыкмаларды колдонуу сунушталат.

Дене тарбия процессинде окуучуга эстетикалык тарбия берүү анын руханий дүйнөсүн байытуу кыймыл-аракеттин көркөмдүүлүгүн камсыздоого, тийиштүү билимдерди өздөштүрүү, кооздукту кабыл алуу, көрө билүү, баалоо жана жарата билүү менен байланышкан сапаттарды калыптандыруу аркылуу жүргүзүлүшүнө басым жасалышы зарыл. Дене тарбия сабагы өтүлүүчү залдарда тийиштүү эстетикалык жагымдуу шарт түзүлүп, окуучунун психикасындагы чагылдыруу, кабыл алуу, толгонуу жана баалоо процесстерине эстетикалык багыт берүү колго алынып, түпкүлүгү окуучунун эстетикалык татымын калыптандыруу аракеттери орун алышы шарт. Ага байланыштуу дене тарбия сабагын өтүүдө спорт залдын тазалыгына, жарыктыгына, жылуулугуна, колдонула турган жабдуулардын туура жайланышына, окуучулардын бирдей жана кооз спорттук форма кийишине көнүл бурулат. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн динамикалык, мейкиндик, мезгилдик, ритмикалык көрсөткүчтөрүн күчтөндүрүү, атайын музыканын коштоосунда аткаруу алардын көркөмдүк касиетин жогорулатат. Мугалимдин ишмердүүлүгүндө эстетикалык жактан байытылган сөз ыкмасы (кыймылдын ички жана сырткы көркөмдүгүн ачып көрсөтүү, салыштыруу), көнүгүүнү артисттик жол менен көрсөтүү (олуттуу, жеңил, шайдоот, туурап) жана кыймыл-аракетке кооздуктун мыйзамдарын (пропорциялык катыш, тийиштүү форма жана мазмун, техникалык өңүттө туура аткаруу) эсепке алып үйрөтүү ыкмалары колдонуу сунушталат.

2.4. Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруунун негиздери

Жогоруда белгиленген жагдайларды эсепке алуу менен окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштурууну мамлекет өз кепилдигине алат жана окуу-тарбия процессинин расмий мазмунун жана күтүлүүчү натыйжаларын алардын жаш курагын, жыныстык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен бирдиктүү нормаларды жана талаптарды иштеп чыгат.

Бардык билим берүү уюмдары тибине жана менчик формасына карабай мамлекеттик жалпы орто билим берүү жана адистик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуучулар менен дене тарбия сабактарын (негизги) жана сабактан сырткары (кошумча) формаларын уюштурууга милдеттүү. Окуу жайдын администрациясы дене тарбия процессин уюштуруу үчүн ар бир окуу жылдын алдында окуучунун физикалык даярдык деңгээлин жана ден соолугунун абалын аныктоого, алардын жыйынтыгына таянып окуучуларды негизги, даярдоочу же болбосо атайын медициналык группаларга бөлүштүрүүгө милдеттүү. Окутуу жана дене тарбия процесстерин уюштуруу үчүн билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген материалдык-техникалык база түзүлүп, тийиштүү каражаттар менен камсыздалынышы шарт.

Дене тарбия сабактары мамлекет бекиткен расмий окуу программасынын негизинде өткөрүлөт. Окуучунун жаш жана жыныстык өзгөчөлүктөрү эске алынат, спорттун классикалык жана улуттук түрлөрүн кеңири колдонууга,  сергек жашоо образын калыптандырууга басым жасалат. Атаандаштык ишмердүүлүгүнө негизделген, жарандык-патриоттук сезимдерди тарбиялоо максатын көздөгөн, мектептен баштап республикалык деңгээлге чейинки массалык-спорттук иш-чаралардын туруктуу системасы түзүлөт. Аларды уюштуруу жана каржылоо билим берүү уюмдарына жана башкаруу органдарына милдеттендирилет жана мындай иш-чараларга коомдук уюмдар кеңири тартылат.

Инсандын дене тарбиясындагы окуучунун жеке ишмердүүлүгүнүн максаттуу уюштурулушу да колго алынышы зарыл. Ага байланыштуу окуучунун ишмердүүлүгү даяр билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү менен чектелбестен, анын таанып билүү, сынчыл-көз караш менен чыгармачыл аракетте болуу, физкультуралык-саламаттыкты бекемдөө максатын көздөгөн  иш-аракеттерге активдүү катышуусуна, ынанып өздөштүрүшүнө тийиштүү социалдык жана педагогикалык шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат.

 

2.5. Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруу принциптери

Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруда төмөндөгү үч принцип жетекчиликке алынат.

Биринчи принцип  окуучуну ар тараптан гармониялуу өнүктүрүү принциби катары аныкталат жана анын руханий-адеп-ахлактык тазалыктын негизинде физикалык жактан ар тараптуу жетилишин камсыз кылуу дегенди билдирет. Физикалык жактан ар тараптан жетилүү дене-бой келбетин жакшыртуу, ден соолукту чыңдоо, дене сапаттарын өрчүтүү жана жашоо-турмушта кеңири колдонулуучу негизги кыймыл-аракет көндүмдөрүн мыктылап өздөштүрүү иш-аракети менен коштолот. Ал эми руханий-адеп-ахлактык тазалык дене тарбия сабактарындагы акыл-эске, адепке, эстетикага жана эмгектин жөнөкөй түрлөрүнө тарбиялоо иш-аракеттеринин тийгизген таасирине негизделет.

Экинчи принцип турмуш менен тыгыз байланышта болуу принциби деп аталат жана дене тарбия процессинин жыйынтыгы катары окуучулардын эмгектенүүгө жана Ата Мекенди коргоого карата даярдыгын камсыз кылуу иретинде сыпатталат. Бул максатта ар бир окучунун денесинин чымыр, физикалык даярдыгынын жогору болушу, эмгекти сүйүү, ага туура мамиле кылуу, мекенчилдик сезимдерин калыптандыруу иш-аракеттери орун алышы маанилүү.

Үчүнчү принцип ден соолукту чыңдоого багыт алуу принциби иретинде белгилүү жана дене тарбия процессинин мазмуну, каражаттары, колдонулган ыкмалары жана формалары окуучунун ден соолугун чыңдоо идеясына жана талаптарына дал келишин жана толук жооп беришин камсыздоо дегенди билдирет. Бул өңүттө теориялык жоболор, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары эсепке алынат, уюштуруучулук багытта күнүмдүк педагогикалык жана мезгил-мезгили менен медициналык көзөмөл жүргүзүү киргизилет, билим берүү уюмдарына жеке жана коомдук гигиеналык талаптарды сактоо милдеттендирилет.

Методологиялык өңүттө инсандын дене тарбиясы руханий-адеп-ахлактык так багыттын болушу, элдик мүнөздүн орун алышы, эл аралык маанайдын сакталышы жана прогрессивдүү умтулуунун коштоп турушу менен уюштурулушу зарыл.

 

ЖЫЙЫНТЫКТОО

 

Инсандын руханий-адеп-ахлак өнүгүүсү жана окуучу жаштардын дене тарбиясы өлкөнү өнүктүрүүнүн, руханий-адеп-ахлактык биримдигин камсыздоонун, социалдык жана саясий туруктуулукту камсыз кылуучу моралдык баалуулуктарды интеграциялоонун маанилүү фактору болот.

Инновациялык экономиканы түзүү руханий-адеп-ахлактык Адам тарбиялоонун максаттуу процесстерисиз мүмкүн эмес, ага адептик  жана укуктук ченемдерге ылайык жарандык позиция, руханий-адеп-ахлактык сапаттары, өз өлкөсүн сүйүү жана берилүү тийиштүү нерселер, адамда түзүүгө, жаратууга жана жакшыртууга болгон түгөнбөгөн муктаждык болуш керек.

Пландаштырылган жана системалуу иштин натыйжасында идеологиялык саясий көз караштары жана стратегиясы калыптанат, ага ылайык өсүп келаткан муундун руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана тарбиясы — өлкөнү жалпы социалдык-экономикалык кризистен алып чыгуунун ишеничтүү жолу.